Борбордук шайлоо комиссиясы бир нече президенттикке талапкерлердин кол топтоо баракчаларын текшерип бүтүп, беш талапкерлердин баракчаларынан мыйзам бузууларды тапкан жок. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ошентип, Садыр Жапаровдун, Клара Сооронкулованын, Аймен Касеновдун, Арстанбек Абдылдаевдин, Равшан Жээнбековдун жана Курсан Асановдун кол топтоо баракчалары жарактуу деп табылды.
Калган талапкерлердин кол топтоо баракчалары экспертизасынан өтүп жатат. Бүгүн баракчаларды текшерүү мөөнөтү аяктайт.
Белгилей кетсек, жалпысынан кол топтоо баракчаларын 20 талапкер тапшырган. Кубанычбек Токтосунов менен Кубан Чороевдин кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылган. Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул болбой, сотко кайрылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ