Menu

Бишкекте Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлеринин митинги болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлеринин митинги болуп өттү. Митингге 60ка жакын адам катышты. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге отставкадагы полковник Анвар Сартаев тастыктады.

Анын айтымында, митингге чыккандар бийликке, анын ичинде Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевге кайрылышкан.

Алар кызмат адамдарынан Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылышты, анда 2011 жана 2015-жылдары КРны Финансы министрлигинде департаменттин кызматкерлери үчүн мыйзамсыз төлөмдөр жана жеңилдиктер түрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталган.

Белгиленгендей, 14-декабрда ардагерлер Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров менен жолугушат. Алар эл өкүлүнүн өлкөнүн аскер кызматкерлеринин укугун коргоого жардамы жөнүндө сүйлөшөт деп болжолдонууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров укук коргоо кызматкерлеринин пенсиясына үстөк акыларды алып салууну сунуш кылган. Жапаровдун демилгеси менен күч структураларынын жана атайын кызматтардын ардагерлери нааразы болушкан. Натыйжада Акылбек Жапаров кечирим суроого аргасыз болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: