Menu

Казакстанда айлык акыны жогорулатууну талап кылган темир жол ишканасынын жумушчулары акцияга чыгышты

Бөлүшүү:

11-декабрда «Казакмыс» компаниясына караштуу Tranco Zhezkazgan темир жол ишканасынын жумушучулары айлык акыны жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талаптары менен нааразылык акциясына чыгышты.

Эртең менен 300гө жакын кызматкер ишкананын Жезказган шаарындагы имаратынын алдына чогулушту. Айрым жумушчулар иш орундарында калганы менен жумуш процессин убактылуу токтотушту. Кен жана даяр продукцияны ташуу менен алектенген компаниянын кызматкерлери буга чейинки акимчиликке жана жумуш берүүчүгө болгон кайрылууларынан майнап чыкпаганын айтышты.

— Бул жан дүйнө кыйкырыгы! Жарым жыл мурда акимге кат жазганыбызда ал маселени чечүүнү убадалаган. «Казакмыстын» директорлор кеңешинин төрагасына да кат жөнөткөнбүз. Анда биздин маселени көтөрүп жүргөн өкүлүбүз бар болчу, бирок кийин аны жумуштан алып, баарыбыздын оозубузду жабышты. Айлыгыбыз көптөн бери жогорулай элек, базарда болсо баары кымбаттап жатат. Ооз ачсаң эле куугунтуктап башташат. Мени эле эки күндөн бери куугунтуктап, жумуштагы майда нерселер үчүн асылып жатышат. Мени иштен кетирүүнү каалап жатышат окшойт», — деди ишкананын Аурика Балымова деген жумушчусу.

Чогулгандар мындан тышкары ашыкча иштегендерге кошумча төлөм жүргүзүүнү, вахтага чыккандарга төлөнчү акыны жогорулатууну, темир жолдордун техникалык абалын жакшыртууну жана маселе көтөрүп чыккан активдүү кызматкерлерге карата куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Алардын алдына Жезказгандын акими чыгып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жумушчулардын бир нече өкүлүн имаратка кирүүгө чакырды.

Акимчиликтин өкүлү бул көрүнүштү «эмгек талашы» деп атап, жумушчулар менен сүйлөшүү тынч өтүп жатканын билдирди.

— Аким жумушчулар менен жолугуп, аларга 13-айлык акы төлөнүп берилерин, маяналары кайра эсептелип чыгарын айтты. Кошумча сүйлөшүүлөр үчүн «Казакмыс» корпорациясынын башкы директору менен да жолугушуу уюштурулат», — деди Жезказган акимчилигинин басма сөз кызматкери.

Бул маселе боюнча Tranco Zhezkazgan жана «Казакмыс» компаниядары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Темир жол аркылуу оор жүктөрдү ташуу менен алектенген Tranco Zhezkazgan компаниясында миңден ашык киши иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: