Menu

Фоторепортаж — ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйыны

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашиняндын катышуусунда өтүп, ага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко төрагалык кылды.

Жыйынга ЖЕЭКтин ардактуу төрагасы катары Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, ал эми байкоочу өлкө башчысы катары Молдова Республикасынын учурдагы президенти Игорь Додон катышты.

Ошондой эле ЖЕЭКтин жыйынына Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мизиёев жана Куба Республикасынын президенти Мигель Диас-Карнель Бермудес катышты.

Жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Биримдиктин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жана башка актуалдуу маселелер каралды.

ЖЕЭКтин жыйынынын соңунда экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана интеграцияны мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер менен документтер кабыл алынып, 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жактырылды.

Ошондой эле белгилей кетсек, Өзбекстан менен Кубага ЕАЭБге байкоочу-мамлекет макамы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: