Menu

КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн атайын операциялардын натыйжасында 400 кг жакын баңгизаттар алынган

Бөлүшүү:

КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн атайын операциялардын натыйжасында 400 кг жакын баңгизаттар алынган. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда КР ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бир нече күн Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо жана жайылтуу менен алектенүүчү, жактарды аныктоого жана кармоого багытталган катар операциялар өткөрүлгөн.

5-декабрда баңги каражаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сактоо фактылары боюнча КРнын КЖКнын 268-беренеси боюнча сотко чейинки изилдөөнүн алкагында, КРнын Өкмөтүнө караштуу МБКнын кызматтык-издөөчү иттерин пайдалануу менен, 1970-ж.т., М.Ю. аттуу жарандын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Аксуу районунун Лесное айылынан чатырдан 128 даана брикет, пластмасса идиштерден кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыттуу зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 4 кг 150гр. “гашиш”, 79кг 075грамм “марихуана” баңги каражаттары, 294кг 015грамм каннабис тундурмасы болгон.

Ал эми, 7-декабрда баңги каражаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сактоо фактылары боюнча КРнын КЖКнын 268-беренеси боюнча сотко чейинки изилдөөнүн алкагында, Ысык-Көл районунун Корумду айылында 1977-ж.т., С.А. аттуу жарандын жашаган жери боюнча чатырдан эки кап кара-жашыл өңдөгү кара куурай өзгөчө жыттанган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттар 2 кг 500 грамм салмактагы “марихуана” баңги каражаты алынган. Кармалган жак УКЖга киргизилип, сотко чейинки иликтөө улантылууда.

8-декабрда Аксуу районунун Теплоключенка айылында 1970-ж.т., Б.Р. аттуу жарандын жашаган жери боюнча тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында сарайдан өзгөчө жыттуу заттар алынган. Алынган «марихуана» баңги каражаттардын салмагы 610 грамм болгон.

Ошондой эле, 9-декабрда Аксуу районунун Теплоключенка айылында 1994-ж.т. Ж уулу Н. аттуу жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында үйдүн жер төлөөсүнөн өзгөчө жыттуу оролгон зат табылып алынган. Алынган «марихуана» баңги каражатынын салмагы 2 кг 225 граммды түзгөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн баңги каражаттардын жалпы салмагы 382 кг 575 граммды түзгөн. Азыркы учурда бардык фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренесинде каралган, кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки иликтөө ишке ашырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: