Menu

КР Тышкы иштер министрлиги АКШ элчилигинен коррупциялык резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурады

Бөлүшүү:

Айрым социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары тарабынан Министрликтин 2020-жылдын 7-декабрындагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсүнүн жалпы мазмунун контексттен алып берилгендигин өкүнүү менен билдиребиз. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Министрлик коомчулукка Бишкекте Америка тарабы менен болгон акыркы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы күрөшүү жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулагандыгын маалымдаган.

Кыргыз тарабы америка тарабына алардын ушул багытта кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирет.

Америка тарабы менен жетишилген макулдашууларды ырааттуу аткарып, Министрлик АКШнын элчилигинен резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурады.

Ошол эле учурда, мындай кызматташтык, башка кызматташтыктардай эле, мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин негизги укуктук ченемдеринин жана негизги принциптеринин бири суверендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө болгон принциптин чегинде жүргүзүлөт деген ниетибизди билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтү коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүүдө.

Өкмөт коррупционерлерге жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлерине каршы резонанстуу кылмыш иштерин логикалык бүтүмгө келтирүү ниетин бир нече жолу билдирген. Кыргыз элинен уурдалган, кылмыш жолу менен алынган мүлктөр кайтарылып берилип, күнөөлүүлөр адилеттүү жазаланууга тийиш экендигинде шек жок.

Бул маселе боюнча Америка тарабы менен кызматташуу буга чейин өз жемишин берген – Кыргызстандын элинен уурдалган айрым мүлктөр Кыргызстанга кайтарылды. Учурда америкалык кесиптештер менен биргеликте мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо жана кайтарып берүү боюнча иштер улантылууда. Кыргыз тарабы эки тарап мындан да чоң натыйжаларга жете аларына ишенет.

БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын мүчөсү болгондуктан кыргыз тарабы, жалпысынан, АКШ гана эмес, башка достук мамиледеги өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр, анткени коррупция трансулуттук коркунучка айланып, демократиялык институттарга, улуттук экономикага жана укуктук тартипке олуттуу зыян келтирүүдө.

Мындай кызматташуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү, демократиялык институттарды чыңдоо, өлкөнүн саясий тутумунун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызыкчылыктарына жооп берет.

Ушул билдирүү менен кыргыз тарабы өзүнүн ачык позициясын жана жогоруда айтылган маселелер боюнча эл аралык укуктун жана улуттук мыйзамдардын колдонуудагы чегинде кызматташууга даяр экендигин ырастайт, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөргө алар тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: