Menu

Баткен облусунун Кадамжай районунда социалдык тармактарда экстремисттик чакырыктарды жасаган жаран кармалды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Кадамжай районунда социалдык тармактарда экстремисттик чакырыктарды жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын жай айында Facebook социалдык тармактарында Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга таандык видеотасмалар, Сириядагы куралдуу кагылышууну колдогон видеотасмалар, согушка чакырыктар таркатылган.

Бул факт Кадамжай РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Таркатылган маалыматка ар тараптуу экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча ал экстремисттик деп табылды.

Кадамжай РИИБнин ыкчам тобу тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 45 жаштагы тургуну А.О. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: