Menu

Эдил Байсалов: “Биз коркунучтабыз! Жарым кадам кетсек Сомалиге барабыз…”

Бөлүшүү:

Лондондогу элчибиз саясый кырдаал боюнча ой бөлүштү.

– Эдил мырза, сиз конституциялык кеңешмеге мүчө болуп катышып атасыз, Лондондогу ишиңизге тоскоол болгон жокпу? Эмне себептен элчилердин арасынан сизди чакыртып, кеңешменин курамына киргизишти деген ойдосуз?

– Мен биринчи жолу конституциялык кеңешменин курамына кирген жерим жок. Алыскы 2002-жылы Аскар Акаев түзгөн, өзү баш болуп кырк ишмерден турган кеңешмеге да катышкам. Ага катышуу үчүн Брюсселден Чыңгыз Айтматов элчиликтен келген. Андан тышкары, Аликбек Жекшенкулов дагы Венада иштеп жүргөн жеринен келип катышкан. Ошондуктан элчилер кеңешмеге катышуу боюнча прецеденттер бар жана жетиштүү. Кеңешме мүчөсү катары мага да расмий уруксат берилди, ички саясатта орун алып аткан дебаттарга катышууга. Менин калыптанган саясый көз караштарым бар, жыйырма жылдан көбүрөөк баскан жолум, ошол эле укук коргоо тармагында, мамлекеттик башкаруу жагында болобу, айтор, мен мына келип, эки жарым жумадан бери күнүгө активдүү катыштым. Катуу талаштар болду. Кээ бирөөлөрү уланып атат. Бирок, “бул кеңешме жөн эле көргөзмө үчүн, калп эле иштемиш болуп атышат” дегендер терең жаңылышат. Кылдаттык менен ар бир статьяны, ар бир сөздү, ар бир тамганы терип, терең ойлонуп, ийри отуруп, түз кеңешип, бекитип аттык. Албетте, биз иштеп чыккан долбоор бул акыркы долбоор жана келечектеги Конституциянын тексти катары айтуудан алысмын. Мындан кийин дагы бир канча редакциялык топтор иштеп, юристтер карап чыгып, анан Жогорку Кеңеш менен жаңы шайланган президент дагы карап чыгышары белгилүү. Бирок, биз өзүбүздүн салымыбызды жок дегенде жанагы кеңешменин протоколдорунда жаздыртып койгонубуз – бул деле чоң иш болду.

– Өткөн жумада, сиз ошол 2014-жылы эле Өмүрбек Текебаевге “сиздин Конституцияңыз жарабайт, иштеген жок” деп айтып аткан видеоңуз кенен тарады. Сиз президенттик формага кайтып келсек кооптонбойсузбу, мурункудай диктатуралар кайра жаралбайбы? Анан талкууланып аткан курултайларга да көз карашыңыз кандай?

– Албетте, кооптоном. Андай коркунуч бар! Бирок, эмне, азыркы Конституция акыйкатты орното алдыбы? Жок да. Ошол Атамбаев менен Текебаев ант берип, “мына, биздин системабыз азыр элге жыргалчылык менен тазалыкты алып келет” дегендери ишке аштыбы? Тескерисинче, булар курган мамлекет ошол үч жүз адамдын эле кызыкчылыгында иштеди. Өздөрү жана башка партиялык олигархтар, ар кандай чоң жана майда мошенниктер. Элдин кызыкчылыгы эң акыркы ролду ойноду. Ошол үч жүз киши талашышат, бири-бирин камашат, тартышышат, айтышышат, калган алты миллион киши үчүн күнүгө бекер цирк жана шоу. Саясатыбыз биздин элдин жашоосун жакшыртууга багытталбай калган эчак эле. Сүйлөгөн сөзүбүз Конституция, ышкырыгыбыз таш жарат, айдаганыбыз бир теке…
Менин оюмча, азыр биздин негизги көйгөйүбүз – бул жакырчылык. Саясый укуктар эмес. Мен дегеле сөз эркиндиги же жыйналыш эркиндиктерин 2020-жылдары чектөөгө мүмкүн экенине ишенбейм. Кеп башкада. “Саясат, саясат” деп атып, биз өтө эле неолибералдашкан экономиканы түзүп койдук. Мамлекеттин өзү жок азыр. Экономикабыз кымындай, эч өндүрүш дагы жок. Жалгыз эле мигранттардын эсебинен жашап аткандайбыз. Ковид учурунда, жайында көрдүк, медицина тармагы бир да иштеген кычкылтек станциясыз болгону аз келгенсип, килейген министрлик ошол марттан бери өздөрү бирөөсүн да оңдоп койгонго кыймылдап дагы коюшкан жок. Анан жайында волонтерлор жасап беришти го? “Тотальный коллапс госуправления” деп коёт муну. Англисче жанагы фраза да бар эмеспи, «несостоявшееся государство» деген. Мындан жарым эле кадам артка кетсек, ары жагы Сомали. Чоң коркунучтабыз биз. Аны сезген киши жок. Эксперименттердин убагы өттү. Болду, жетишет! Ойногонубуз – мамлекеттин тагдыры. Мобул цирктин аты демократия эмес. Эмнесине болушуп атышат, түшүнбөйм. Элди ойлогон киши жок! Баары жеке менчик болуп калды: мектеби да, ооруканасы да. Мындан ары “мамлекетти азайтабыз, кыскартабыз” деп атышат. Бекем бийликтин орношун ошол үч жүз эле киши каалаган жок. Алар өздөрүн эле ойлошот! Эл өзүнчө, алар өзүнчө болуп калган эчактан эле. Бул жөнүндө өзүнчө көп сөз. Бирок, элдин баары азыр мамлекетке нааразы, мындай жашоого болбойт!
Курултайлар боюнча айтсак, бул көптөн бери эле айтылып келаткан жомокко айланып калды. Кеңешмеде бирөө “Чыңгызхандын учурунда да ушундай курултайлар өткөн” деп айтышканына чыдай албай, “анан эмне, ошол курултайда Чыңгызхандын башын алып, тактыны да алып койсо болот беле?” деп какшыктаганга туура келди. Анан бул курултайларын Батышка карама-каршы келтиргендери да күлкүнү келтирет. Теңдик идеясы каяктан келди бизге? Азыр ушулардын кимиси мурунку өткөн жыйындарга жакын жолотулмак эле, ыя? Каратамандар качан эле мурун бизде башкара алышчу эле, элестеткиле?! Жалпы адамзаттын тарыхы жана башкаруу системалары өнүгүп, тажрыйба жалпыбызга таандык философияда жана юриспруденцияда топтолгон. Биз өзүнчө же өзгөчө эмеспиз. Анан эле бизде өзүн гений эсептегендер көбөйүп эле, отуз жылдык тажрыйбабызды өздөрүнүн деңгээлинде чала-була түшүнгөндөрүн беш миң жылдык илимден өйдө коюуга болбойт (!) деп айтышыбыз керек. Айылдарда бизде эчактан эле “сход” деп жыйындар өтүп жүрөт. Азыр деле “курултай” деп өткөзүп келдик, бийлиги дагы, оппозициясы дагы. Ошончо эле “курултай” деген сөз жагат экен, мен “Жогорку Кеңештин атын ошондой кылып коёлу” деп да айтууга туура келди. Бизде мына азыр “круглосуточный курултайлар” Фейсбукта, толтура вотсап каналдарында орун алып атат го? “Бийликтин жаңы формасы” деп киргизүүгө болбойт курултайды Конституцияга. Мындай кеңеш айтчу бир орган болсо, киргизгенге макул болсок болот. Бирок мындай түз демократиянын форматы бир чакан шаарча, мисалы, байыркы Афина же Новгороддо гана иштей алат. “Бир күнгө топтолуп келип эле, баарын курултайда чечип коёбуз” деп килейген мамлекеттик маселелер боюнча түшүнүгү жоктор гана айтышат.

– Элчи болгонуңузга бир жарым жыл болуп калыптыр. Кайра саясатка кайтып келесизби ушуну менен? Кээ бирөөлөр “Эдил Байсалов бийликке кошоматтанып атат” деп да айтып атышканына кантип жооп берет элеңиз?

– Мен саясаттан кеткен деле эмесмин. Элчилик – бул сүргүн эмес. Англиянын эле баш калаасы эмес, Лондон – жалпы дүйнөнүн борбору. Бул элчиликтин даражасы өтө жогору. Аны биздин өлкө жакшы баалап, пайдалана албай келиптир ушуга чейин. Пландарыбыз өтө чоң. Быйыл мына пандемиядан улам көбү токтоп калды. Бирок ишти улантып, ошол койгон максаттарды ишке ашырыш керек. Мен өмүрүмдө бирөөгө кошоматтанып көргөн эмесмин. Аны элдин баары эле билет. Дайыма өзүмдүн позициям бар. Ал туруктуу. Азыркы же мурунку бийлик менин профессионалдык сапаттарымды жакшы билишет жана баалашат. Мен мактанбай эле коёюн. Дипломатия – бул өтө тынч жана керек болсо тымызын бир иш. Бул жактагы жумуштар кыска мөөнөттө өзүнүн жыйынтыгын бербейт. Берсе дагы жарыяланбайт. Биз өзүбүздүн мамлекеттин саясатын ашканадагы абысындардын бир сөзүнүн деңгээлине түшүрбөйлү. Менин байкаганым, биз чоң-чоң маселелер жөнүндө ошол бир кокту-колоттун эле тили, же түшүнүктөрү менен өлчөйт экенбиз. Жогорку деңгээлде, мамлекеттик ой жүгүртүү бизде жокко эсе. Эми мен ар кайсы майда сөздөргө терикпейм деле.

– Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сураныч, сизге бир суроо берип алалы. Аликбек Жекшенкуловду Москвадагы элчиликтен “утеря доверия” деп чакыртып алуу боюнча көз карашыңызды бөлүшүп койсоңуз?

– Биринчиден, бул, албетте, мамлекет башчынын укугу. Ал дайындаса, ала алат дегендей. Аликбек Жекшенкулов өзү деле көп даттанган жок анысына. Мен билбейм, кандай чыныгы себептер мындай чечимге түрткү болгонун. Бирок, айтып коюшум керек, жанагы жарыяланган эки шылтоо суу кечпейт. Мен муну жалпы эле толук ыйгарымдуу жана атайын элчилердин статусуна шек келтирүү катары кабыл алдым. “Элчи өзү нота жаза албайт” деп айтуу дипломатияны түшүнгөн адам үчүн күлкүлүү. Анан элестетсеңиз, Арменияда согуш болуп атса, аларга эч кандай Россия баш болуп башка союздаш мамлекеттер жардам бере албай атсак, анан бир жыл мурун дайындалган Еревандагы саммитти өткөрбөй коюу ойго келгис чоң бир демарш болуп калмак. Ага Россия эч бара алмак эмес. Кыргызстанда жанагындай окуялар болуп кеткени аз келгенсип, толугу менен жетекчилик байланышка чыкпай калганда, Москвадагы элчибиз жалгыз туура бир чечимди алууга мажбур болду. Мен көп ойлондум, “мен кантмек элем?” деп. Биз жоопкерчиликтен качпайбыз, башкалары качса дагы. Ошондуктан мен дагы улуттук кызыкчылыкта стратегиялык өнөктөшүбүздүн суранычын кыя алмак эмесмин. Мындан бир дагы зыян келтирилген жок мекенибизге. Эч кандай кошумча бир милдеттенме жүктөлгөн жок. Элчи Жекшенкулов сөз алып да сүйлөгөн жок. Ошондуктан менин оюмча, бул өтө бир чоң сокку болду биздин дипломатиябызга. “Утрата доверия” деп өздөрү элдин ишениминен жана эл аралык коомчулуктун, стратегиялык өнөктөштөрдүн ишениминен чыккандар жазып аткандары да кызык болду. Азыр бизге Москвада өтө күчтүү элчи керек. Жок болгон үчүн, алар биз менен жанагындай тон менен сүйлөп атышат. Мен дагы бир жолу кайталап коёюн, балким, мен билбеген себептери башкадыр. Бирок, жарыяланган жанагы эки шылтоо – бул баардык атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин статусуна шек келтирди (!) деген ойдомун. Бул жаңылыштык жана туура эмес болду!

– Эдил мырза, дипломатияны айтып калдыңыз, жанагы абышка менен айтыша кеткениңизге өкүнбөйсүзбү?

– Эми көп киши менен жолуксаң, көп бассаң, сөзсүз арасында андайлар болбой койбойт. Кеңешмеге канча киши келди: жашы да, карысы да, орусу да, баардыгы менен тил табышып, кулак салып, алар айткан сунуштарды эске алып, иш алып келдим. Өзүмдүн мүнөзүмдө да эч кандай оройчулук жок. Ал чал өзү ким экени жалпы элге деле маалым болуп калды. Ал кирип келери менен эле “мен революционермин, милийсалар менен жакалаштым, былтыр Чүй УВД начальнигин өлтүрө жаздадым…” деп кирди. Ошол сөзү башынан эле мага жаккан жок, анткени биз Конституциябызды жазып атсак, тартипти орнотуп атсак, элдин тынччылыгын коргоп чыгып, араң аман калган Самат Курманкуловдой баатырыбызды тим эле койсо болмок. Экинчиси, бул абышка өзүн элестетип алыптыр, Жумагул Сааданбеков жана Кемел Ашыралиевдин жанына отуруп, жалпы кыргыз элине аксакал болом (!) деп. Кыргызда “жакшы карыса экен” деп көп айтылат эмеспи. Көкүрөгүнө медалдарды тагып, кайсы бир согуштун ардагери катары өзүн элестетип алса керек. Анан эле сүйлөгөн сөзү “өлүм, жана өлүм жазасы!” деп кыйкырып кирди. Чарчап да кеттик, анан мен “сотторубузда азыр акыйкаттык жок, алар мына мыйзамсыз эле камап атышат, анан кантип биз өлүм жазасына кесебиз?” десем, эң эле ыплас сөздөр менен сөгүнүп, жеке мага гана эмес, жалпы ошол жерде отурган мүчөлөргө акаарат келтирди. Мен жанагы кыргыздын жалпак сөзү менен мындай кутурган чалды ордуна коюп койдум. Өтө жумшак жана тартиптүү түрдө. Туура эле кылдым. Тартипти бекемдейли. Мына анын “164 миң сомдук штрафы бар экен” деген маалымат чыкты. Көпкөндөр көбөйдү. Ордуна коюп коюу керек мындайларды!

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: