КРнын Өкмөтү тарабынан укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Бул тыюу салуу Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча, бажы кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү менен жазык жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылтылбайт.
Чечим ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, айрым укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кабыл алынды.
Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ