Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга карата 11 ай ичинде 174379 протокол толтурулган. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен:
– Айдоочулук күбөлүгу жок авто унаа башкарган 3375 айдоочу ;
– Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп, караңгылатып айдаган айдоочулар 924;
– Авто унааны мас абалында башкарган 2683 айдоочу;
– Авто ээнбаштык 41 айдоочу.
Ошондой эле 19091 авто унаа убактылуу айып төлөөчү короо жайына токтотулган.
Түзүлгөн протоколдордун негизинде 273 350 500 сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 95 837 565 сом өндүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ