Menu

Видео – Бакай Кашкарбаев, жарандык активист: “Абдил Сегизбаев сен арам ырыскынын баарын жеп, тоюп алып анан кыргыз элине акыл үйрөткөнү жатасыңбы? Тантыган тантык”

Бөлүшүү:

“Абдил Сегизбаев сен арам ырыскынын баарын жеп, тоюп алып анан кыргыз элине акыл үйрөткөнү жатасыңбы? Тантыган тантык”,- деди 8-декабрда жарандык активист Бакай Кашкарбаев видеокайрылуу аркылуу.

“Кыргызстандын жараны, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев деген мырзабыз чыгып алып, “грубо” айтканда тантып баштады. Тантыктарга окшош да баардыгы… Бул эмнеге аттанды билбейм? Бул тантыкка эмне жок билбейм? Бул деген жеткен жанагы коррупциалык мафиялык структуранын эң башында турган анабашчы ушул да. Атамбаевдин “волкодавы” ушул болчу да, “фаст” дегенде тигини барып баса калган, муну барып баса калган… Эң коррупционер ушул Абдил Сегизбаев да. Кайсыл бетиң менен чыктың элдин астына? Бет деген жок турбайбы силерде. Бет, уят, ыйман дегендин баарын жыйыштырып туруп, арам ырыскы менен жеп алгансыңарда. Эмне деп атасың чыгып алып? Тантыктардын тантыгы сен турбайсыңбы… Мына Каныбек Капашович көрдүңбү? Сага окшогон дагы бир илимдүүсү чыкты бул жакта… Силер деген илимдүү, билимдүү тантыксыңар да, ар кайсыны тантый бересиңер… Мени эл угабы, мени эл ээрчийби деп ойлонбойсуңарбы кичине. Абдил Сегизбаев деген Атамбаевдин убагында УКМКнын башында отурбадың беле ичип-жеп тигилер менен кошо. Эми акыйкатты сүйлөп калдынбы? Акыйкат үчүн күрөшүп калдыңбы? Тантыган тантык. “Мен билем ким келе жатканын”,- дейт. Келе жатканын көрүп турат имиш… Силердин көзүңөр көрбөйт, кулагыңар укпайт да. Ким келе жатат бийликке, мен айтып берейинби? Элдик бийлик келе жатат. Элдин уулу келе жатат. Эл сүйгөн адам келе жатат. Сен жоопко тартыласың. Далай нерсени жесең керек ошол жактан. Далай эле кишини какшаттың да ээ? Абдил Сегизбаев жөнүндө кимде “компромат” бар? Мага жөнөтүп койгулачы. Бул киши тиги УКМКда отурганда далай адамды какшатса керек… Шашпа тантык, оозуңду басып жөн эле отурбайсыңбы. Сен эл башкарып, кызматка барганга даярсыңбы? Арам ырыскынын баарын жеп, тоюп алып анан кыргыз элине акыл үйрөткөнү жатасыңарбы? Тантыган тактыктар…”,- деди жарандык активист Бакай Кашкарбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: