Menu

Кыргызстанда дагы 297 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 297 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 93, Ош шаарынан – 9, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 66, Талас облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 57, Жалал-Абад облусунан – 25, Баткен облусунан – 17, Нарын облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 77 356 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 398 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 70 192ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 122, Ош шаарынан – 9, Чүй облусунан – 101, Ош облусунан – 24, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 52, Баткен облусунан – 35, Нарын облусунан – 7, Талас облусунан – 12.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан каза болгон учурлар катталган жок. Бул убакка чейин аталган илдеттен өлкө боюнча 1307 адам көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: