Menu

Улуттук адабият күнүндө Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли коюлду

Бөлүшүү:

Кечээ, 12 – декабрда “Улуттук адабият күнүнө” карата А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли Т. Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук Академиялык драма тераынын артисттери тарабынан коюлду. Бул тууралу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин м.а. Артем Новиков, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков,  Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, акын – жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Жарандардын коопсуздугу үчүн,  бардык   санитрадык – эпидемиялогиялык талаптар так аткарылды.

“Кылым карытаар бир күн” романынын негизинде даярдалган спектаклди Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров  сахналаштырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: