Кыргыз сегментинин социалдык тармактарында колдонуучулар Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актаган окуяны расмий текшерүүсүн талап кылышууда.
Эске салсак, Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актады. Бир гана айыпталуучуга мөөнөт берилди, бирок далилдер болгондугуна карабастан, сот ага жеңил беренени колдонду. Кыздын туугандары анын эки жылдан кийин эркиндикке чыгып кетет деп айтышууда.
Окуянын өзү кыргызстандыктардын көпчүлүгүн таң калтырды. Аны менен катар судьянын иш-аракеттери дагы көпчүлүктүн көңүлүн бурдурбай койгон жок.
Ошондой эле, вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бул ишти өкмөт карай тургандыгын билдирди.
Ребята, вы можете поделиться этой картинкой у себя на странице, чтобы привлечь внимание общественности. Необходимо начать служебную проверку судьи, покрывающего педофилов и насильников. Нам нужны, как воздух, подобные прецеденты. pic.twitter.com/QlGk3ySQx2
— Эрик Абдыкалыков 3.0 (@hell4pan) December 12, 2020
Прошу ?
— Black Patriot (@BlackPatriotKGZ) December 13, 2020
Элим, эмне болуп баратабыз? 13 жашар кыз деген кичинекей бала го! Айылыңардан кууп чыкпайсыңарбы зордуктаган малдарды. Жылаңач астыңарда турса дагы күнөөлүүсүңөр! Уятсыз, акмак саткын соттор! Кантип актоого бардыңар. pic.twitter.com/Teg2235BcO
— AR (@Kyrchyn) December 13, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ