Menu

Орусияда жашаган тажикстандык активист мекенинде террорчулукка көмөктөшкөн деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Айрым маалыматтар боюнча Хожи Жаббор Москвадагы бир нече базарды көзөмөлдөйт

Орусияда жашаган тажикстандык активист Абдужаббор Курбоновдун (Хожи Жаббор) туугандары ал мекенинде террордук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деп шектелип жатканын билдиришти.

Активисттин жубайы Садафмо Тешаеванын айтымында, 10-декабрда ал жакындары менен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылган.

«Бизге үч саат суроолорду беришти. Суракта күйөөм 2016-жылы «Одноклассники» социалдык түйүнү жана «Вотсапп» мессенджери аркылуу Ирак менен Сириядагы экстремисттик топтордун өкүлдөрү менен байланышканын билдиришти. Тергөөчүнүн айтымында, алардын сүйлөшүүсү төрт мүнөткө созулуп, күйөөм аларга каржылай колдоо көрсөткөн. Мен мындай айыптоолор негизсиз экенин айттым», — деди ал.

Азырынча активисттин жакындары суракка чакырылганын расмий булактардан ырастоого мүмкүн болгон жок.

Ал ортодо 1997-жылдан бери Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөн Курбонов бир ай мурда Тажикстанда болгонун, аны бир да укук коргоо органы суракка чакырбаганын билдирди. «Аялымды эмнеге азыр чакырып, суракка алышканын түшүнбөй турам. Тажикстанда туугандарым менен болуп жаткан нерселер тынчсыздандырууда», — деди ал.

Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон Курбоновго карата тергөө иштеринин башталышын анын мигранттар арасындагы таасирдүүлүгү менен байланыштырууда.

«Пандемия маалында ал Орусияда иштеп жүргөн мекендештерге жакшы жардам берген. Анын таасирдүүлүгү жана Москвадагы бир нече базарды көзөмөлдөгөндүгү Душанбедеги же Орусиядагы айрым бир топторго жакпай, анын таасирин азайтууга аракет кылып жатышкандай», — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: