Menu

Казакстан Мамдума депутатынын билдирүүсүнө байланыштуу Орусияга нота жиберди

Бөлүшүү:

Мамлекеттик Думанын депутаты Вячеслав Никонов.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Мамлекеттик Думанын депутаты Вячеслав Никоновдун билдирүүсүнө байланыштуу Орусияга нааразылык нотасын жиберди. Депутат ага чейин «Биринчи каналдагы» программалардын биринде сүйлөп жатып «Казакстандын аймагы Орусия тараптан берилген чоң белек» деп айткан.

ТИМдин маалыматына караганда, мекеме башчысынын орун басары Марат Сыздыков Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Комаров менен жолукту.

«Айрым орусиялык саясатчылардын Казакстанга карата чагымчыл билдирүүлөрүнүн көбөйүшү биздин мамлекеттер ортосундагы алакага олуттуу кедергисин тийгизип жатат. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия мындай билдирүүлөргө адекваттуу баасын берет деп күтөт», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Көп өтпөй Вячеслав Никонов «Твиттердеги» баракчасы аркылуу Казакстан элине «жылуу сезимдерин» билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: