Menu

Казакстанда электр станциядагы кырсыктан бир жумушчу каза болду

Бөлүшүү:

13-декабрда Караганда облусунун Топар айылындагы Райондук электр станциянын буу түтүгү жырылып, ишкананын 62 жаштагы жумушчусу каза болду. Азырынча бийлик да, станцияга ээлик кылган «Kazakhmys Energy» компаниясы да кырсыктын себептерин айта элек.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсыктан жабыркаган үч жумушчу 1-2-деңгээлдеги күйүктөрү менен ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү бийлик кырсыктан кийин станцияда өрт чыкпаганын жана жарылуу болбогонун билдирди. «Бул окуя турак үйлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылууга таасирин тийгизген жок. Ушу тапта «Kazakhmys Energy» ишканасынын жумушчулары түтүктү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө», — деди облустук акимчиликтин өкүлү.

Кырсык болгон электр станциясы Топар айылындагы жана Абай шаарындагы тургундарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: