Menu

Жогорку сот экс-депутат Музаффар Исаковго жана 8 айыпталуучуга карата чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарды

Бөлүшүү:

Жогорку сот мурунку депутат Музаффар Исаковго жана башка айыпталуучуларга курулуш үчүн жер бөлүп берүү иши боюнча өкүмдөрдү жокко чыгарды. Чечим 2020-жылы 26-ноябрда кабыл алынган.

Сузак райондук сотунун (судья Нуржамал Исмаиловна Маматалиева) 2020-жылдын 26-февралындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун Соттук коллегиясынын 2020-жылдын 10-июлундагы чечимдери (судьялар Токтосун уулу К., Жолчу кызы С., М. Нармырзаев) жокко чыгарылды. Ошентип, Музаффар Исаковго, Эркинбек Амираевге, Тайхожа Гиязовго, Мавлянходжа Ташлановго, Жолдошбай Эргешов, Жакбарали Абдирахманов, Нарходжа Мукарамов, Абдыкайым Мурзалиев, Бурулкан Турсунбаеага карата чыккан өкүмдөр жокко чыгарылды.

Материалдар жаңы кароого Сузак райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага “2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Быйыл 14-майда Жалал-Абад облустук сотунун чечимине ылайык Музаффар Исаковду жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: