Menu

БШК Адахан Мадумаров, Канат Исаевдин президенттикке талапкер Садыр Жапаровду каттоодон баш тартуу боюнча билдирүүсүн канааттандырган жок

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы отурумунда Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асановдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровду каттоодон баш тартуу боюнча билдирүүсүн канааттандырган жок.

“Биринчи радионун” эфиринде төраганын орун басары Абдыжапар Бекматов эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын айтып берди.

«Арыз ээлери талапкер премьер-министрдин кызматынан тийиштүү түрдө кетпегендигин жана жазуу жүзүндө арыз тапшырбагандыгын көрсөтүштү. Бирок бул жерде Сооронбай Жээнбековдун кырдаалындай эле – ал 15-октябрда кайрылуу жасап, кызматтан кетти. Ал эми премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылуу жасап, ыйгарым укуктарын токтотту», – деди Бекматов.

Премьер-министрдин отставкасы спикер тарабынан кабыл алынган соң, анын шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү БШКга келди, деп кошумчалады БШКнын төрагасынын орун басары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: