Menu

Президенттик шайлоо. Жарыштан четтетилген Кубанычбек Токтосунов БШКнын чечимине каршы сотко даттанбайт

Бөлүшүү:

Мурдагы президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосунов Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу БШК кабарлайт.

Такталгандай, Токтосуновдун кол топтоо баракчаларын текшерүү учурунда 902 ишенимсиз кол тамга табылган. Ал талап кылынган минималдуу 30 000 жарактуу кол тамганы тапшыра алган жок. Анын негизинде БШК Кубанычбек Токтосунов президенттикке талапкер катары каттаган эме.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкердин дагы бири Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоодон баш тартуу чечимине каршы даттанды. Бирок ал соттон утулуп калды.

Ошентип, БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 18 талапкерди каттады. Эртең, 15-декабрдан тарта шайлоо өнөктүгү башталат. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: