КР УКМКнын тапшырмасы менен тергөө органдары 12-декабрда Ош шаарында ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюн өткөрүү фактысы боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда КРнын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, айрым райондордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында COVID-19 эпидемиологиялык абалына байланыштуу өзгөчө режим күчүндө.
Массалык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузуп, ошол эле учурда коомчулукта көптөгөн нааразычылыктарды жаратып, 1000ге жакын адамдын катышуусунда той өткөргөн.
Белгилей кетсек, Жалил Атамбаевдин уулу КРнын УКМКнын кызматкери.
Учурда Жалил Атамбаевдин уулуна карата кызматтык иликтөө башталды, андан кийин кызматтан бошотууга чейин тиешелүү чаралар көрүлөт.
Текшерүүнүн алкагында Жалил Атамбаев УКМКнын тергөө органдарына чакырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ