Menu

Анжиянда газсыз калган тургундар жол тосууга аракет кылышты

Бөлүшүү:

9-декабрда Бухара облусунда да газдын жоктугуна каршы акция өткөн

Анжияндын тургундары жаратылыш газы менен электр энергиясынын берилбегенине нааразылык билдирип, шаардагы эки көчөнүн кесилишин тосууга аракет кылышты. Бул учур тартылган видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Анжиян шаардык акимчилиги окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

9-декабрда Telegram-каналдарда Бухара облусунун тургундары да автоунаа жолун тосууга аракет кылып жатканы тартылган видеотасма жарыяланган. Анда чогулгандар аймакта 60ка жакын үй газсыз калганын айтышкан.

Өзбекстанда буга чейинки жылдардагыдай эле быйыл да жаратылыш газы менен электр энергиясы өчүрүлүүдө. Буга байланыштуу өлкө аймактарындагы тургундар нааразылык билдирип чыгууда.

Өткөн жылы Анжиян, Фергана, Сырдарыя облустарынын жана Каракалпакстандын жашоочулары газ менен жарыктын тез-тез өчүрүлүшүнө нааразылык билдирип, бир нече жолу унаа жолдорду тосушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: