Ички иштер органдары издөөгө алынып, башка өлкөнүн аймагында жашырынып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, КРнын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тергөөдөн, соттон изин жашырып, ар кандай кылмыштарды, анын ичинен экономикалык багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик аралык издөөдө жүргөндөрдү издөө жана кармоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, издөөдө жүргөн КРнын жараны, Ош облусунун тургуну 1967-жылы туулган С.Ш. кармалган.
Жогорудагы жаран КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда, 3-бөлүгүндө (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
2015-жылы кармалган жаран С.Ш. өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, банкты ачуу шылтоосу менен акча каражатын алып, изин жашырып качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 350 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.
Азыркы учурда издөө алган тарап-Кадамжай РИИБи кабарланган. Мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ