Menu

Ошто прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталды

Бөлүшүү:

Ош облустук прокуратурасында улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун кыргыз кызматына мекеменин Изин суутпай издөө жана тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Исманбетов билдирди.

Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда интернетке тараган.

Ильич Исманбетов кесиптешине байланышкан бул окуяны жарым-жартылай тастыктап, ал коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кеткен болушу мүмкүндүгүн айтты:

“Терезеден чыгып кеткени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен так маалымат берилет. Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган”.

RFE/RL радиосунун кыргыз кызматынын кабарчысы Сарыковдун өзү менен байланышып, бирок азырынча комментарий ала албай жатат.

Интернеттеги ачык булактар аркылуу Союзбек Сарыков аттуу киши Кара-Кулжа, Өзгөн райондук прокуратурасында иштеп кеткендиги жөнүндө маалымат табууга болот. Кесиптештери ал көп убакыттан бери облустук прокуратурада иштеп келатканын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: