Menu

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын имаратында КПФнын кеңешинин мүчөсү Анархан Кыдыралиеваны белгисиз адамдар күч менен кармап отурушат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын имаратында маданият кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы, КПФнын кеңешинин мүчөсү Анархан Кыдыралиева барымтага алынды. Бул тууралуу  профсоюздар федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бир топ адамдар төрайымды Мирбек Асанакуновду кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө келишимге кол коюуга мажбурлап жатышат.

“Милиция кызматкерлеринин алы келбей жатат. Кыргызстан Профсоюздар федерациясы Ички иштер министрлигинен кошумча күч жөнөтүп, тартипке келтирүүнү суранат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Анархан Кыдыралиевага тез жардам кызматы келгени маалымдалды.

Мирбек Асанакунов 5-февралда профсоюздар федерациясынын кеңешинин чечими менен кызматынан бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: