Эки айда биринчи жолу АКШ доллары 1,5 сомго арзандады.
Бүгүн, 14-декабрда эрте менен доллар 82,5 сомдон сатылып жаткан, бирок саат 15:00гө чейин 0,5 сомго кымбаттап, көпчүлүк акча алмаштыруучу жайларда 83 – 83,5 сомго бааланган. Долларды сатуунун орточо баасы 82,5 сом болду.
Белгилей кетсек, акыркы үч күндө Улуттук банк тарабынан белгиленген доллардын номиналдык курсу 84,79 сомду түзөт.
Улуттук банктын акыркы интервенциясы 10-декабрда жүргүзүлүп, анда 21,15 миллион доллар сатылган. Жалпысынан, ушул айда Улуттук банк үч интервенция жүргүзүп, 15,55 миллион долларды саткан.
Доллар гана эмес, евро жана рубль дагы төмөндөдү. Үч күн мурун евро 103,5 сомдон сатылса, бүгүнкү күндө ал 101,5-102 сомдон сатылууда. Үч күн ичинде евронун курсу 102,8 сомду түздү, 14-декабрда 1,8 сомго арзандады. Рублдин дагы баасы бир аз төмөндөп, сатуу 1,14 сом, ал эми сатып алуу 1,12 болуп жатат.
Эртең, 15-декабрга карата Улуттук банк доллардын расмий курсун 83,2 сом, еврону 101,08 сом, ал эми рублди 1,14 сом деп белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ