Menu

Москвада баласын “отжимание” жасабагандыгы үчүн аёосуз сабаган кыргыз жараны 3,5 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Москвада уулун аёосуз сабаган кыргызстандык 3,5 жылга жалпы режимдеги колонияга кесилди. Бул туурасында РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, 16-апрелде Кыргызстандын жараны уулунун башына, денесине уруп, андан тышкары темир таяк менен сабаган. Белгиленгендей, соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып, камалган.

“Ал “Жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” боюнча күнөөлүү деп табылды. Москва шаарынын Кунцевский райондук сотунун өкүмү менен Эмилбек Жунусов жалпы режимдеги колонияга 3,5 жылга эркинен ажыратылды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде социалдык тармактарда кыргызстандык жарандын жаш баласын аёосуз сабаган видеотасмасы тараган..Видеодон көрүнгөндөй, эркек киши жаш балага “Отжимание жаса!” деп кыйкырып, алгач колу менен бети-башка чапкылап, тепкилеген. “Мени эмитен укпай калдыңбы?!”, “Отжимание жаса!” – деген атасы баласын темир таяк менен уруп, муунтканга чейин барган.

Кийинчерээк баласын сабаган ата үй-бүлөсү менен чогуу элден кечирим сурап, окуянын чоо-жайын айтып беришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: