Menu

Бүгүн Тайырбек Сарпашев Финполго кайрадан суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-декабрда саат 10:00дө мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта суракка алынат. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди.

Эскерте кетсек, 27-ноябрда Каржы полициясы аткаминерди мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды аркалап жүрүп, көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөгөндүгү белгиленди.

7-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат экс-вице-премьер-министр Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына мурун алган жана жакын туугандары үчүн каттоодо турган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан 30 гектар сугат жерин кайтарып бергендигин жарыялаган. Ошентип, Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарды.

Экс-вице-премьер 9-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта суракка алынган. Ал тергөө үчүн кызыккан бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: