Menu

Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы баланын адвокаты Генпрокуратурага Сокулук РИИБнин жетекчилигине каршы арыз жазды

Бөлүшүү:

Кечээ, 14-декабрда өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жаштагы Рамазандын адвокаты Шердор Абдыкапаров  Башкы прокуратурага Сокулук РИИБнин жетекчилигине каршы арыз жазды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Ошондой эле, адвокат РИИБдин тергөөчүлөрүнө жана облустун Социалдык камсыздоо башкармалыгынын жетекчилигине чара көрүүнү суранды.

“Чындыгында Рамазан 17-ноябрда сабалган. Милицияга саат 00:00 чамасында кайрылышкан. Бирок эч кандай реакция болгон эмес. Эрте менен баланы №3 шаардык клиникалык ооруканасына алып келишкен, дарыгерлер сабалган Рамазанды көрүп, милиция чакырышып, иш Сокулук РИИБне өткөрүлүп берилген. Бирок, буга эч ким реакция кылган жок, билдирүү көңүл бурулбай алты күн жатты. ММКга кайрылгандан кийин, алар “ойгонуп”, ишти оор беренеге кайрадан квалификациялашты. Андан кийин социалдык коргоо да аралашты”, – деди жактоочу.

Шердор Абдыкапаров жогорудагы бийлик өкүлдөрү балага шалаакылык жана кайдыгерлик мамиле кылды деп эсептейт.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында 2014-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабаган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталган. Андан ары, иштин материалдары Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: