Menu

Орусияда эмгек мигранттарына жеңилдик берүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Орусиянын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министриги өлкөгө курулушта иштеген эмгек мигранттарын жеңилдетилген шартта киргизүү боюнча сунуш даярдап, өкмөттүн кароосуна жөнөттү.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө пандемиядан улам жумуш күчү тартыш болуп жатканы, бул чара көптөгөн объектилердин курулушун баштоого жана пайдаланууга берүү мөөнөтүн тездетүүгө жардам берери айтылат.

Министрлик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн сакталышына кепилдик берген уюмдарга гана жеңилдик берилерин белгилейт. Чет өлкөлүктөр сапарга чыгардан мурун ПЧР-тест тапшырышы керек.

Жеңилдик алган компаниялар, уюмдар чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого алып, алар менен эмгек келишимин түзүүгө тийиш. Эгер мигрант ооруп калса, мекеме анын дарылануусуна шарт түзүп берет. Мигранттар эмгек патентин алууга тийиш.

ТАСС агенттиги Курулуш министрлигине шилтеме берүү менен 1-декабрга карата Орусиянын 77 регионунун 50сүндө курулуш тармагында жумуш күчү жетишпей жатканын жазды. Болжол менен 190 миңдей кишиге суроо-талап бар.

Орусия ТИМинин 2020-жылдын апрель айындагы маалыматына ылайык, өлкөдө 2,5 миллион эмгек мигранты легалдуу түрдө иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: