Menu

Аймактардын жетекчилери жетектеген облустун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керек

Бөлүшүү:

Аймактардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетектеген облустун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керек. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – министр Бактыбек Аманбаев аймак жетекчилеринин катышуусунда өткөн онлайн-кеңешмеде билдиргенин 14-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Мурда облустардагы жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген, алардын аткарылышы тийиштүү түрдө көзөмөлгө алынбай жатат. Бирок бул анын бардыгы унутта калды дегенге жатпайт. Көзөмөл болушу тийиш, бирок сиздер ыйгарым укуктуу өкүл катары аймактын өнүгүүсү үчүн активдүү иш алып барууңар зарыл. Ар-бирибизден тигил, же бул аймак жана жалпы өлкөбүз социалдык-экономикалык жактан канчалык деңгээлде өнүгөөрү көз каранды. Белгилүү болгондой, өлкөнүн 65% калкы аймактарда жашап, негизинен айыл-чарба тармагында эмгектенет. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн жана жаратылыш ресурстарын эске алуу менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы болушу зарыл», – деди ал.

Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Бактыбек Аманбаев облустун ар бир жетекчисине эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруусун тапшырды:

– аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгуу;

– ички жана тышкы инвесторлор менен өз-ара пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгуу;

– айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча борборлорду ачуу планын иштеп чыгуу.

Муну менен катар Бактыбек Аманбаев президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө дагы токтолду.

«Акыркы 30 жылдын ичинде өлкөбүздө ар кандай деңгээлдеги ондогон шайлоо өттү. Алар ачык-айкын өттүбү, ага эл тараза. Бүгүнкү күндө жарандар бизден шайлоону таза жана ачык өткөрүүнү күтүп жатышат. Шайлоонун канчалык таза жана ачык-айкын өтүшү негизинен сиздерден көз каранды. Бардык шайлоо участокторун жабдуулар, байланыш жана жылуулук менен камсыз кылуу керек. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шайлоо участкаларында тартипти камсыз кылышы зарыл», – деп белгиледи ал.

Бактыбек Аманбаев ошондой эле жер-жерлерде күз-кыш жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, мында тургундар жеткиликтүү баа боюнча көмүр жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышы керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: