Menu

Бишкекте шаардын деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылып, эл митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-декабрда жарандар Бишкек шаардык мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар шаардын деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Митинг үшүккө карабастан, бир сааттан бери уланууда, бирок мэриянын бир дагы кызматкери бишкектиктерге чыккан жок.

Митингчилер жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин кайдыгерлигине нааразы болушууда. Эми алар Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин алардын астына чыгышын талап кылышууда.

“Бүгүн биз шаардын деталдуу планын жокко чыгаруу үчүн чыктык. Бул документ шаарды өнүктүрүү стратегиясы болуп саналат. Бирок иш жүзүндө ал борборду талкалоого багытталган”, – деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири.

Ошондой эле дагы бир катышуучу Бишкек ноябрь айынан бери абанын булганышы боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлеп жаткандыгын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: