Menu

Равшан Жээнбеков: “Президент болсом дагы, болбосом дагы саясатта калам” 

Бөлүшүү:

Шайлоо өнөктүгүнүн бир айынын ичинде президенттикке талапкерлер дебаттарга эки гана жолу барууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда маалымат жыйынында мамлекет башчынын кызмат ордуна талапкер Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, оппоненттер менен (КТРК, ЭлТР) эфиринде гана жолугушууга болот.

«Мен БШКга жана бардык президенттикке талапкерлерге кайрылам. Борбордук шайлоо комиссиясынан бардык медиага талапкерлер канча кааласа, ошончо жолу дебат уюштурууга мүмкүнчүлүк беришин талап кылышыбыз керек. БШКдан буга көңүл буруп, жалпыга маалымдоо каражаттарына өлкөбүздө президенттикке талапкерлер менен дебат өткөрүүгө уруксат берүүсүн суранам», – деди Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков – Менин көз карашым жана тажрыйбам өлкөгө керек. Мен Кыргызстандын тарыхына өчпөс жарык калтырып, гүлдөтө турган президент болом.

Талапкер ошондой эле анын саясий көз карашы перспективдүү экендигин белгиледи.

«Мен ар дайым реформалар, заманбап өлкө, демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшүп келгем. Себеби алар биздин элди бактылуу кылыш үчүн, татыктуу жашашы үчүн керек. Президент болсом дагы, болбосом дагы саясатта калам жана жигердүү саясий жашоону улантам», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: