Menu

Ош ОИИБи: Ноокат районунда мал уурдаган шектүүлөр кармалды

Бөлүшүү:

Ноокат районунда мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-декабрь күнү Ноокат районунун Кулатов а/о Кожо-Арык айылынын тургуну 43 жаштагы  Ж.А. 2 баш 4 жашар өгүздөрүн 6-декабрь күнү саат 02:00 чамаларда үйүндөгү мал сарайынан уурдап кеткени боюнча арыз жазган.

Бул факты Ноокат РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  200-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Жогорудагылардын негизинде 8-декабрь күнү Ноокат РИИБдин Көк-Жар Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери кылмышкерди табуу үчүн ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, алынган ыкчам маалыматтардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун Шералы айылынын тургуну 38 жаштагы Н.К. жана Баткен обласынын Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 31 жаштагы У.Э. кармалып, Ноокат РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жоголгон малдардын эттери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мал союучу жайдан табылган.

Жалпы келтирилген зыян 130 миң сомду түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: