13-декабра АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 256 турниринин катышуучуларынын төлөмдөрү белгилүү болду.
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев бул мелдеште бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешип, биринчи раундда аны нокаут ка кетирип, жеңип алган.
Бул мелдешке катышкандыгы үчүн Рафаэль Физиев 94 000 доллар, анын ичинде UFC 256 турниринин көркүн ачканы үчүн кыргызстандык спортчу бонус иретинде 50 миң доллар алган.
50 миң доллардан бонусту биринчи раундда эле атаандашы Роналдо Соузду нокаутка кетирген Кевин Холландга да берилген. Дэйвисон Фигередо менен Брендон Моренонун беттеши да кызыктуу болгону айтылып, эки спортчуга тең 50 миң доллардан бонус берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ