Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Талас эли менен жолукту. Ал Таластагы Манастын күмбөзүнө барып, арбактарга багыштап куран окутту. Ошондой эле, Садыр Жапаровдун ата-энесине, уулуна жана 5-6-октябрдагы окуяларда курман болгон Үмүтбекке куран багышталды.
Андан кийин “Талас” саясий ынтымагынын өкүлдөрү Садыр Жапаровго “Талас ынтымагы” сыйлыгын тапшырды.
“Талас – касиеттүү жер. Ошондуктан шайлоо алдындагы үгүт иштерин Таластан баштадым” – деди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ