Menu

Шайлоочулар коллегиясы Байдендин президенттик шайлоодогу жеңишин ырастады

Бөлүшүү:

АКШда дүйшөмбү күнү шайлоочулар коллегиясы добуш берип, президенттик шайлоодо демократ Жо Байдендин жеңишке жеткенин ырасташты.

Ошол эле күнү кечинде Байден америкалыктарга кайрылып, аларды биригүүгө чакырды.

«Эми биз эч нерсе — пандемия да, бийликти кыянаттык менен пайдалануу да демократиянын учкунун өчүрө албай турганын билебиз. Жаңы баракты ачып, биригип, жаракаттарды айыктырууга убакыт келди», — деди Байден.

Жаңы шайланган президент добуш берүүгө рекорддук сандагы (155 миллион) адам катышканын бегилеп, шайлоону ийгиликтүү өткөргөнү үчүн штаттардын бийликтери менен шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ошол эле маалда Байден Дональд Трамптын шайлоо штабы менен тарапташтарынын сот аркылуу шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу аракетин сынга алды.

Адатта Шайлоочулар коллегиясынын добущ берүүсү формалдык процедура болуп эсептелет. Бирок быйыл 4-ноябрдагы шайлоодо жапырт бурмалоолор болгону тууралуу Трамптын билдирүүлөрүнөн улам ал өзгөчө мааниге ээ болду.

Бир нече жума мурда эле Байден Шайлоочулар коллегиясынын 306 добушун алары белгилүү болгон. Мыйзам боюнча жеңишке жетүү үчүн алардын 270синин добушу жетиштүү.

Шайлоонун жыйынтыгын Конгресс формалдуу түрдө 6-январда тастыкташы керек. Конгресстин мүчөлөрү ар бир штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыктарына каршылык билдире алышат. Өкүлдөр палатасы менен Сенатта тиги же бул штаттагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча добуш берүү болушу мүмкүн. Бирок эксперттердин көбү мындай аракеттер болбостугун, болсо да Трамптын тарапташтары ийгиликке жетпей турганын, анткени Өкүлдөр палтасында демократтар көпчүлүктү сактап калганын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: