Menu

Тажикстандык балбан бычак жаратына байланыштуу дүйнө чемпионатына катыша албай калды

Бөлүшүү:

Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярданып жаткан тажикстандык балбан Мубинжон Ахмадов жаракат алды. Согди облусунун ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Ахмадов Хожентте жапырт мушташ учурунда бычак жеген.

Расмий маалымат боюнча окуя 6-декабрда Хоженттеги футбол мелдеши учурунда болгон, бирок окуя 14-декабрда гана ачыкка чыкты.

Мубинжон Ахмадовго ооруканада операция жасалган. Ал оюндан чыккандан кийин 25тей киши кол салганын, арасында бирөө бычак сайганын, бирок аларды тааныбай турганын айткан.

Дарыгерлердин билдиришинче, бычак жаратына байланыштуу Ахмадовдун өпкөсү, боору жана бөйрөгү жабыркаган. Операция жасалганына бир жумадан ашуун убакыт өтсө да, ал кыймылдай албай жатат.

Согди облусунун ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча эки кишиге кылмыш иши козголгонун маалымдады. Кармалгандардын бири – 15, экинчиси – 21 жашта.

Мубинжон Ахмадов – грек-рим күрөшүнүн балбаны.

Бул арада кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 14-декабрда грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: