Menu

Өзбекстанда белгилүү ырчы «шариатка каршы келгендиктен» музыкалык карьерасын токтотту

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 42 жаштагы белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов «шариаттын мыйзамдарына каршы келгендиктен» музыкалык карьерасын токтотуп жатканын билдирди.

Ал 10-декабрда Instagram баракчасына жарыялаган эки мүнөттүк видеокайрылуусунда бул анын акыркы чечими экенин белгилеген. Андан соң баракчасындагы бардык ырларын өчүрүп, музыка «арам» экенин жазды.

Атажановдун билдирүүсү социалдык түйүндөрдүн өзбекстандык колдонуучуларынын арасында ар кыл пикирлерди жаратты. Белгилүү кинодокументалист Умида Ахмедова мындай билдирүүлөр «консерватория менен театр индустриясынын кулашына» алып келиши ыктымал деп эсептейт.

Социалдык илимдердин доктору Хуршид Хабибдин айтымында, ырчы мындай чечимди «социалдык түйүндөрдүн ашыкча динчил сегментинин басымынан улам» кабыл алган болушу мүмкүн.

Жахонгир Атажанов диний көз караштарынан улам искусстводон кеткен алгачкы өзбек ырчысы эмес. Эки жума мурда белгилүү «Уммон» жаштар тобунун солисти Шохрух да «шариатта ырдоого тыюу салынгандыктан», музыкалык карьерасын токтотконун жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: