Бишкекте атайын мектепке чейинка жана жалпы билим берүүчү уюмдарда, ошондой эле массалык мектептердин алдындагы коррекциялык класстарда окутууну салттуу режимде жандандыруу боюнча даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мериясынын Билим берүү башкармалыгынан билдиришкенин бүгүн, 15-декабрда КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды салттуу режимде окутууну жандандыруу чечими кабыл алынган. Бардык санитардык шарттар КРдин Билим берүү жана илим министрлиги жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген атайын жалпы билим берүүчү уюмдардын ишинде коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды (COVID-19) сактоо боюнча Иш-аракеттер алгоритмине ылайык көзөмөлдөнүүгө тийиш.
Балдардын ден соолугун коргоо максатында аталган билим берүү уюмдарынын мугалимдери Бишкек шаарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын чечимине ылайык, акысыз түрдө ПЦР-тесттен өтүшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ