Menu

Чет мамлекетте жүргөн Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов Жалил Атамбаевдин уулунун тоюна кандайча келип калды?

Бөлүшүү:

Мелис Мырзакматов Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тою үчүн Түркиядан атайын учуп келген эмес. Бул тууралуу журналисттерге анын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, Мелис Мырзакматов Кыргызстанга декабрдын башында келген. Жакынкы убакка чейин ал Бишкекте болгон.

«Мелис Мырзакматов Кыргызстанда. Ал Түркияга учуп барып, кайра кайтып келген. Бул жакка качан кайтып келгени так эсибизде жок, бирок ал Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна чейин эле Кыргызстанда болгон. Кайтып келгенден 2-3 күндөн кийин Жалил Атамбаевдин уулунун тою болуп өттү. Ошентип ал ушул тойго келип калды. Анын жакын арада Түркияга учуп кетүү планы жок. Президенттик шайлоого катышат», – дешти Мырзакматовдун жакындары.

Мурда белгилүү болгондой, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Түркиядан Ошко учуп келген. Ал шаардын борбордук аянтында чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн.

Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри болгон. Кийин ага карата “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2020-жылдын 15-октябрында Ош шаардык соту кылмыш курамынын жоктугунан күнөөсүз деп таап, 16-октябрда Ош облустук соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, 12-декабрда Ош шаарында ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тою болуп өткөн. Аны УКМК текшерүүгө алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: