Москвадагы метродо төрөгөн кыргыз келин баласынан баш тартпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги келиндин туугандарына шилтеме берүү менен билдирет.
11-декабрда элчиликтин юристи Н.Э.Бауман атындагы №29 шаардык ооруканага кыргыз келинден кабар алган. Ал келинди көзөмөлгө алган дарыгерлер менен сүйлөшкөн. Дарыгерлер эне менен баланын абалы канааттандырарлык экенин айтышкан.
Буга чейин Москвада Кыргызстандын жараны Ү.К. 9-декабрда “Электрозаводская” метросунда көз жарганы маалымдалган. Төрөттү полиция кызматкерлери кабыл алышкан.
Кийинчерээк орусиялык телеканалдардын бири 29 жаштагы келин ымыркайынан баш тартып жатканын айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ