Menu

Чүй ОИИББы: Өспүрүм баланын өгөй атасы тарабынан сабалышы тууралуу окуяга байланыштуу бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди

Бөлүшүү:

Өспүрүм баланын өгөй атасы тарабынан сабалышы тууралуу окуяга байланыштуу бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

20-ноябрда интернет булактарына жарыяланган, Сокулук РИИБдүн “102” кызматына телефон чалып жашы жете элек өспүрүмгө өгөй атасы зомбулук көрсөткөнү тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери 5-6 саат аралыкта келбегени тууралуу материал жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан келген мыйзамды бузууларды жоюу боюнча сунуштама боюнча Чүй облусу боюнча ички иликтөө кызматы жана Чүй облусунун ИИББы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Кызматтык иликтөө учурунда Сокулук районунун ИИБдүн Коомдук коосуздук кызматынын кызматкери, нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер тескөөчүсү милициянын капитаны Д.Т.га “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланган жана анын жардачысы милициянын ага сержанты Н.Н. кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн ага “эскертүү” берилген, ал эми Сокулук РИИБдүн  Новопавловка аймактык милиция бөлүмүнүн жашы өспүрүмдөр менен иштөө инспектору милициянын майору К.К. маалымат боюнча чыгып өз убагында, коргоо ордерин бербегендиги үчүн ага да “эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланган.

Өспүрүм балага байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дайындалган соттук-медициналык эспертизанын корутундусу даяр болгон соң, толук кандуу юридикалык чечим кабыл алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: