Menu

ММК фонду: Кызыл зонада иштеген дарыгерлердин айлык акылары берилип башталды

Бөлүшүү:

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду коронавируска чалдыккан бейтаптар менен кызыл зоналарда иштеген дарыгерлерге ноябрь айы үчүн айлык акы төлөп баштады. Бул тууралуу ММК фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, төлөмдөр КР Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан төлөө үчүн берилген эсептердин негизинде жүргүзүлөт.

2020-жылдын ноябрь айында Ковид-19 менен күрөшүү үчүн 11911 медициналык кызматкер ишке тартылган. Бул мурунку айга салыштырмалуу 4189га көп (7722). Компенсациялык төлөмдөрдүн көлөмү 222 миллион 763 миң 400 сомду түзүп, ошол эле жылдын октябрь айына салыштырмалуу 77 миллион 150 миң сомго көбөйдү (145 миллион 613 миң 400 сом).

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте кызыл зонада иштеген дарыгерлер эмгек акысын талап кылып Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына келишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: