Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-декабрда Ош жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -11…-16, күндүз: -3… -8,
Таласта түнкүсүн: -12…-17, күндүз: -3… -8,
Баткенде түнкүсүн: -1… -6, күндүз: -3…+2,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -1…-6, күндүз: -3…+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -5…-10, күндүз: -2…+4,
Нарында түнкүсүн: -17…-22, күндүз: -8…-13,
Бишкекте түнкүсүн -11…-13, күндүз: -6…-8.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ