Президенттикке талапкер Курсан Асанов дагы деле үй камагында. Ички иштер министрлиги Асановго баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда белгилүү болду.
Эске салсак, Асановго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын үй камагына алуу боюнча профилактикалык чарасы бар, ага ылайык, ал Бишкектен чыгып кете албайт.
Ошентип, талапкер үй камагынан чыкмайынча Бишкек шаарынан чыгып, өлкөнүн аймактарында үгүт иштерин жүргүзө албайт.
Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот чечимине каршы чыкмакчы. Отурум эртең, 16-декабрда, Бишкек шаардык сотунда дайындалды.
Эске сала кетсек, бүгүн шайлоо өнөктүгү башталды. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ