Бүгүн 2020-жылдын 15-декабрында Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын укуктук, саясий, тарыхый мааниси» жана «Кыргыз элинин ХХ кылымдагы улуттук лидери Исхак Раззаков» – аттуу биргелешкен, аралаш таризде: аудиториялык катышуу жана он-лайн режиминде эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференция өз максатына жетүү үчүн төмөнкү негизги багыттарда иш алып барды:
1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын укуктук, саясий, тарыхый мааниси. Мамлекеттүүлүктүн укуктук негиздери.
2.Исхак Раззаков – кыргыз элинин ХХ кылымдагы улуттук лидери: тарыхый-саясий саресеп
3.Учурдагы гуманитардык, так илимдердин актуалдуу маселелери
Бүгүнкү конференцияга баардыгы болуп 93 илимий баяндама Россия, Казахстан, Туркменистандан жана Кыргызстандан сунушталды. Бишкек, Талас, Баткен, Ош облустарынын жогорку окуу жайларынан – 27 өкүлдөр илимий баяндамалары, докладдары, билдирүүлөрдү жасашып, алардын авторлору өз табылгалары, мазмундуу маалыматтары, илимий иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары, жеке пикирлери менен ой бөлүшүштү.
Конференциядагы мыкты баяндамачылар катарында А.С.Ибраеваны (РК), В.Н. Ильченкону (РФ), Т.К.Айталиеваны (ТаласМУ), А.М. Көкөеваны (ОшКӨҮ), Т.И.Сайфутдиновду, Б. Абытовду, З.Матисакованы (ОшМЮИ) ж.б. атоого болот.
Конференциянын негизги максаты, биринчиси, көз карандысыз кыргыз мамлекетинин башаты болгон эгемендүүлүк жараянын, 1990-жылдын 15-декабрында, “легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларациянын” 30 жылдык маарекесин кеңири даңазалоо, азыркы замандаштарга, айрыкча жаш муундарга анын саясий, укуктук жана тарыхый маанисин кеңири түшүндүрүп, ар тараптуу пропагандалоо. Экинчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси тууралуу» Жарлыгынын алкагында «Кыргыз элинин ХХ кылымдагы улуттук лидери Исхак Раззаков», анын кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымын даңазалоо, мамлекеттик ишмердүүлүгүн пропагандалоого, И.Раззаковдун үлгүлүү өмүр таржымалын, ишмердүүлүгүн жаш мундарга жеткирүү болду. Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарбынан атайын резолюция кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ