Menu

Кыргызстанда дагы 241 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 1 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 241 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 73, Ош шаарынан – 13, Чүй облусунан – 55, Ош облусунан – 22, Талас облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 38, Жалал-Абад облусунан – 19, Баткен облусунан – 12, Нарын облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 78 151 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 403 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 71 270ке жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 119, Ош шаарынан – 25, Чүй облусунан – 101, Ош облусунан – 32, Ысык-Көл облусунан – 54, Жалал-Абад облусунан – 37, Баткен облусунан – 27, Нарын облусунан – 8, Талас облусунан – 4.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Ош облусунан 1 бейтап каза болду. Бул оордуан көз жумгандардын жалпы аны 1317ге  жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: