Menu

УКМК: Жасалма чет элдик валюта саткан каналдын ишине бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Жасалма чет элдик валюта саткан каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш чаралардын алкагында 14-декабрда Бишкек шаарында 1969 ж.т. КР жараны «К.У.» кармалган. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылган.

Такталган боюнча, табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: