Menu

Армения менен Азербайжан туткундарды алмаша баштады

Бөлүшүү:

Ереванга өткөрүлүп берилген армян аскер кызматкерлери

Шейшембиге караган түнү Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабактагы кагылышуулар маалында туткунга түшкөн аскерлерин өз ара алмаша баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун армян кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азери тарапка 12, армян тарапка 44 туткун өткөрүлүп берилди. Орусиянын Коргоо министрлиги бул жараян орусиялык тынчтык орнотуучулардын ортомчулугу менен жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин дүйшөмбү күнү эки тарап Шуша шаарындагы атышууда курман болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашкан.

27-сентябрда башталган алты апталык кыска согуш 9-ноябрда Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилери кол койгон атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу келишимге ылайык токтотулган. Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: